6-чакырык кезексиз 5-сессия

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-1                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айылдык Кенешинин                       6-чакырык кезексиз 5-сессиясынын катчылыгын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына жана айылдык кеңештин регламентине ылайык С.Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:           

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 5-сессиясынын катчылыгына айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы И. Ташполотов жана                           №5521-«А. Сайдахматов» шайлоо учаскасынан депутат  Акрамжон Арапов шайлансын.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

****************************************************************************************                                                         

 С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-2                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилердин, элге билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин кышка даярдыгыны абалы жөнүндө

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кышка даярдык көрүү боюнча уюштурулган штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилерди жана калкты кышка даярдыгын абалы жөнүндөгү штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын.
  2. 2018-жылдын 15-ноябрына чейин айылдык Кеңештин аймагындагы социалдык-маданий обөектилерди жана калкты толук кышка даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  3. 2018-2019-жылдарда айыл Өкмөтүнүн аймагындагы социалдык маданий обөектилеринде жылытуу үчүн иштетилүүчү көмүр, электр энергиясынан үнөмдүү пайдаланууну уюштуруу жана көзөмөлгө алуу кышка даярдык көрүү боюнча штабка милдеттендирилсин.
  4. Айылдык Кеңешинин аймагындагы мектептердин от жагуучу казандарын толугу менен ремонттон чыгаруу, сапатуу көмүр менен камсыздоо, көмүр кампасын тартипке келтирүү иштери 15-ноябрь 2018-жылга чейин аяктоо айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  5. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы электр мамычаларын толугу менен орнотуу жана мектептерде өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн мектептерди өрт үчүрүүчү атайын жабдуулар (огнетущитель) менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

****************************************************************************************                                                                                            

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-3                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айылдык Кеешинин аймагындагы  юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө

Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп, сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салыктарды жана МФ жерлерине таандык ижарага берилген жерлердин ижара акыларын жыйноонун абалы жөнүндө айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы юридикалык жана физикалык тараптардан мыйзамда белгиленген салыктардын жана ижара акыларын өз убагында жыйноону камсыз кылуу үчүн жана МФ жерлерине ижарачылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ижара акыларын өндөрүүдө эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бардык чараларды көрүп, айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүн туруктуу болушун камсыз кылуу менен чыгаша бөлүгүндөгү сарпталуучу каражаттарды даректүүлүгүн жөнгө салуу айыл өкмүтүнүн ФЭБнө жүктөлсүн.
  3. Айылдык өкмөтүнүн аймагындагы салыктарды өндүрүүдө кеңири түшүндүрүү иштерини жүргүзүү менен салык инспекторлоруна көмөк көрсөтүү үчүн айыл өкмөтүнүн аппарат кызматчыларыны зарыл болгон учурда пайдалануу айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнө (Р. Базарбаев) жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

****************************************************************************************                                                         

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 5-сессиясы

Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-4                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электр, энергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча аткарылган иштери жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө болгон (электроэнергиясынан, соц.фондко, жергиликтуу салыкка, ичимдик сууга) карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча айыл Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсү угулуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

  1. С. Юсупова айылдык округдук Кеңешинин аймагындагы юридикалык жана физикалык жактардан салык жыйноонун абалы жана социалдык төлөмдөргө (соц. фонд, салык, электр энергиясы) болгон карыздарды кыскартуу боюнча айыл Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айыл Өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы                Р. Базарбаевдин билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
  2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн социалдык төлөмдөргө (соц. фондго, электр энергиясына, ичимдик сууга) болгон карыздарын 2018-жылдын аягына чейин толугу менен төлөп берүү үчүн бардык финансылык чараларды көрүү жагы ФЭБнө жүктөлсүн.
  3. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан жана фермер чарбалардын социалдык фондко болгон карыздарын өз убагында төлөп берүү боюнча иш чараларды уюштуруп, эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

****************************************************************************************                                                         

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-5                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы мамлекеттик фонд (МФ) жерлеринин 2019-жылга карата ижарага берүү тартибин, баштапкы ижара акыларын белгилөө жөнүндө

 С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы мамлекеттик фонд МФ жерлеринин 2019-жылга ижарага берүү тартибин, баштапкы ижара акыларын белгилөө жөнүндө айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун маалыматын угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен                    С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы мамлекеттик фонд МФ жерлеринин 2019-жылга карата ижарага берүү тартибин, баштапкы ижара акыларын белгилөө жөнүндө айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун маалыматы эске алынсын.
  2. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы мамлекеттик фонд МФ жерлерин 2019-жылга карата жерлерди ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте торук (аукцион) аркылуу ижарага берүү жагы белгиленсин.
  3. С. Юсупова айылдык Кенешинин аймагындагы Мамлекеттик Фонд (М.Ф.) жерлеринин ар бир гектарынын ижара акысынын баштапкы баасы контурлар боюнча белгиленген тиркеме боюнча бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  4. С. Юсупова айылдык Кенешинин аймагындагы Мамлекеттик Фонд (М.Ф.) жерлеринен мурда ижарага жер алып иштеткен ижарачылардын килишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ижара жеринин ижара акысы келишимде белгиленген баа менен калтырылсын.
  5. С. Юсупова айылдык Кенешинин аймагындагы МФ жерлеринен ижарага жер алып ижара акысын келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөбөгөн жарандарга ар бир кечиктирилген күн үчүн негизги баанын 0,5% пайыз үстөк акы (пения) катары эсептелиши белгиленсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык, турак-жай жана муниципиалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссия жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

С.Юсупова айылдык Кеӊешинин                          2018-жылдын 26 – октябрындагы                 6-чакырык 5-сессиясынын №5-5 сандуу токтому менен бекитилген

С. Юсупова айыл өкмөтүндө ижарага берилүүчү

мамлекеттик фонд жерлеринин контурлар боюнча баштапкы баалары

 

Катар № Айылдарды аталышы Контурдун номери Мамлекеттик фонд жеринин категориясы Жердин ижара акынын баштапкы баасы (сом, ар бир гектарына карата) Эскертүү
Сугат жер (га) Кайрак жер (га)
1. Кызыл-Дөбө 30 10,4 9600
2. Кызыл-Дөбө 3,4(тепл) 3.0 9600
3. Кызыл-Дөбө 235 1,3 9600
4. Кызыл-Дөбө 135 1,0 1200
5. Кызыл-Дөбө 136 0,9 1080
6. Кызыл-Дөбө 12 22,7 9600
7. Кызыл-Дөбө 28 5,7 9600
8. Кызыл-Дөбө 38 5,0 9600
9. Кызыл-Дөбө 16 13,2 6000
10. Кызыл-Дөбө 17 18,3 6000
11. Кызыл-Дөбө 20 17,0 6000
12. Кызыл-Дөбө 66 8,0 9600
13. Кызыл-Дөбө 66 20,2 6000
  Жыйынтыгы   123,7    
1. Нооруз 56 22,1 9600
2. Нооруз 61 14,3 10200
3. Нооруз 62 3,5 9600
4. Нооруз 63 1,9 9600
5. Нооруз 70 0,5 3600
6. Нооруз 83 3,9 9600
  Жыйынтыгы   46,2    
7. Пахта-Арал 1 1,8 12000
8. Пахта-Арал 10 12,4 12000
9. Пахта-Арал 11 13,1 12000
10. Пахта-Арал 22 6,3 9600
11. Пахта-Арал 19 11,8 9600
12. Пахта-Арал 18 5,5 9600
13. Пахта-Арал 25 10,5 9600
14. Пахта-Арал 32 19,4 9600
15. Пахта-Арал 28 3,3 3600
16. Пахта-Арал 31 1,8 4200
17. Пахта-Арал 31 3,0 8400
18. Пахта-Арал 35 3,3 9600
19. Пахта-Арал 29 3,0 4200
20. Пахта-Арал 29 6,5 8400
21. Пахта-Арал 38 5,2 8400
  Жыйынтыгы   106,9    
1. Октябрь 767 1,5 3000
2. Октябрь 750 1,3 3000
3. Октябрь 770 1,3 360
4. Октябрь 774 31,4 360
5. Октябрь 775 13,7 360
6. Октябрь 740 5,6 3000
  Жыйынтыгы   2,8 52  
1. Нажганбель 589 12,3 200
2. Нажганбель 588 13,8 200
3. Нажганбель 587 10,3 200
4. Нажганбель 568 9,2 200
5. Нажганбель 571 3,6 200
6. Нажганбель 566 4,6 200
7. Нажганбель 565 1,0 200
8. Нажганбель 564 24,4 200
  Жыйынтыгы     79,2  
1. Ак-шар 9 2,7
2. Ак-шар 12 10,1 3600
3. Ак-шар 27 1,0 3600
4. Ак-шар 29 11,8 3600
5. Ак-шар 69 3 2400
6. Ак-шар 15 3,0 2400
7. Ак-шар 64 6,2 2400
8. Ак-шар 40 46,0 360
9. Ак-шар 46 10,0 360
10. Ак-шар 91 10,0 360
11. Ак-шар 83 13 360
  Жыйынтыгы   37,8 79  
             
  Бардыгы   317,4 210,2    
  Жердин бардык түрү боюнча жыйынтыгы 527,6    
         
Көп жылдык өсүмдүктөр, анын ичинен:

1. Кайрак жерлер

2. Сугат жерлер

 

360

5000

 
Мамлекеттик фонд жерине таандык эмес жерлер, анын ичинен:

1. Кайрак жерлер

 

 

360

 

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

****************************************************************************************                                                         

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-6                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

«USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндө»

USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосун карап жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С.Юсупова айылдык Кеӊеши токтом кылат:

ТОКТОМ:

 

  1. USAID дин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосу бекитилсин (жобо тиркелет)
  2. С. Юсупова айыл өкмөтүндөгү жаңыдан түзүлгөн “Жумушчу Комиссия” Жобонун негизиндн иш алып барсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

С.Юсупова айылдык Кеӊешинин

2018-жылдын 26 – октябрындагы

№5-6 токтому менен бекитилген

 

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссия жөнүндө Жобо

 

  1. Жалпы жоболор

1.1 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссия жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) С. Юсупова айылдык аймагындагы Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын (мындан ары – Комиссия) ишинин максаттарын, функцияларын жана ыйгарым укуктарын, аны түзүү тартибин, ошондой эле Комиссиянын ишин уюштуруу жана камсыздоо тартибин аныктайт.

1.2 Комиссия С. Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу туруктуу иштеген коомдук координациялык кеңешүүчү орган болуп эсептелет.

1.3 Өз ишинде Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, жергиликтүү жамааттын Уставын, ошондой эле ушул Жобону колдонмо кылып алат.

  1. Комиссиянын максаты
    • Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуу процессин камсыздоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу Комиссиянын максаты болуп эсептелет.

 

  1. Комиссиянын функциялары

3.1. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1)   Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясынын долбоорун (мындан ары – Стратегия) жана ар бир артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү жана башкаруучулук маселе боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу, зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

2)   Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруунун ар бир этабында мониторинг жана баалоо жүргүзүү.

3)   Зарыл болгон учурда Стратегияны жана Аракеттер планын ишке ашыруу процессинде көйгөйлүү маселелер боюнча чечим кабыл алуу үчүн Комиссиянын отурумун ыкчам тартипте өткөрүү.

4)   Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестринин долбоорун, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына (айыл өкмөтүнө) көмөктөшүү.

5)   Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүнө тиешелүү жергиликтүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча коомдук талкууларды өткөрүүгө көмөктөшүү.

6)   Стратегияны жана Аракеттер планын иштеп чыгуу процессине бардык кызыкдар тараптарды тартуу.

7)   Өз ишинин жыйынтыктары тууралуу жергиликтүү жамаатка жылына бери дегенде эки жолу коомдук угууларда отчет тапшыруу.

8)   Маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу менен коомдук баалоо жана мониторинг үчүн милдеттүү болгон Комиссиянын иши тууралуу маалымат берет.

 

  1. Комиссиянын ыйгарым укуктары
  1. Комиссия:

1)   өз отурумдарында кызмат көрсөтүүлөргө жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатууга байланышкан демилгелер боюнча Комиссиянын мүчөлөрүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жергиликтүү жамааттын активисттерин угат;

2)   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, ишкерлерден жана жергиликтүү жамааттын активисттеринен Стратегияны жана Аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн зарыл болгон керектүү маалыматтарды суратып алат;

3)   зарыл болгон учурда тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, тышкы эксперттерди жана башка кызыкдар жактарды Комиссиянын ишине тартат;

4)   кызмат көрсөтүүлөр жана башкаруучулук маселелеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштамаларды берет.

5) муниципалдык түзүлүштөрдүн кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын үйрөнүүнү уюштурат.

 

  1. Комиссиянын курамы
  2. Комиссиянын курамы айыл өкмөт башчынын тескемеси менен бекитилет. Комиссиянын курамына Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары, Комиссиянын катчысы жана Комиссиянын мүчөлөрү кирет. Комиссиянын курамы 7 кишиден кем болбошу керек.
  3. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
  • айыл өкмөтүнүн башчысы/башчынын орун басары/айыл кенештин төрөгасы (төрөгалыка сунушталат);
  • жооптуу катчы;

2)   айылдык кеңештин депутаттары;

3)   айыл өкмөт аппаратынын тийиштүү адистери;

4)   бейөкмөт уюмдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү;

5)   бизнес жамааттын өкүлдөрү;

6)   жергиликтүү жамааттын активисттери.

  1. Комиссиянын курамы төм. камтышы керек:

1)   бир жыныстын өкүлдөрүн – 30% кем эмес;

2)   айылдык аймактын чегинде жашаган улуттук азычылыктын өкүлдөрүн, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды.

  1. Комиссиянын төрагасы:

1)   Комиссиянын ишин уюштурат;

2)   Комиссиянын отурумун чакырат жана өткөрөт;

3)   Комиссиянын отуруму өтчү күндү, убактысын жана ордун аныктайт;

4)   Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитет;

5)   Комиссиянын тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

6)   Комиссиянын ишин коомго чагылдырууну уюштурат жана координациялайт;

7)   Комиссиянын отурумунун протоколдоруна кол коет;

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын төрагасы болбогон учурда анын тапшырмасы менен ордун ээлейт жана анын милдеттерин аткарат.
  2. Комиссиянын катчысы:

1)   Комиссиянын мүчөлөрүнө отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен кезектеги отурум өтчү күн, убактысы, орду жана күн тартиби тууралуу маалымат берет;

2)   отурумга чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен күн тартибин, ошондой эле зарыл материалдарды жана күн тартибине кирген маселелерди чечүү долбоорлорун таратып берүүнү камсыздайт;

3)   Комиссиянын кезектеги отурумунун катышуучулары менен жумушка байланыштуу өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана Комиссиянын жетекчиси менен отурумга чакырылган адамдардын тизмесин макулдашат;

4)   маалымат такталарына жана башка коомдук жайларга жайгаштыруу үчүн Комиссиянын иши жөнүндө ыкчам маалыматты даярдайт;

5)   отурумдардын протоколдорун, Комиссияны жүргүзүү маселелери боюнча башка документтерди жана материалдарды тариздеп, Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберет;

6) комиссиянын отурумунда жазылган протоколдорду жана башка документтерди үч жыл бою сактайт. Мөөнөтү аяктагандан кийин айыл өкмөтүнүн архивине өткөрүп берет.

  1. Жумушчу топтун мүчөлөрү:

1)   Комиссиянын отурумунун күн тартибин түзүү боюнча сунуштарды беришет;

2)   күн тартибинде каралчу маселелер боюнча материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышат;

3)   Комиссиянын отурумдарына катышуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын адистеринин жана тышкы эксперттердин талапкерлигин сунушташат;

4)   Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын, коомдук бирикмелердин, бизнес жамааттардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карашат;

5)   маселелерди талкуулоодо жана добуш берүүдө тең укуктарга ээ;

6)   Комиссиянын отурумдарына катышууга милдеттүү жана өз ыйгарым укуктарын башка адамдарга берүүгө укугу жок;

7)   Комиссиянын мүчөсү кезектеги отурумга катышпаган учурда каралып жаткан маселелер боюнча өз пикирин жазуу түрүндө берүүгө укуктуу.

 

  1. Комиссиянын курамын өзгөртүү

 

  1. Комиссиянын курамын өзгөртүү тууралуу чечим Комиссиянын отурумунда Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынан бери дегенде жарымы катышкан учурда кабыл алынат.
  2. Мүчөлүктөн чыгарылууга тийиш болгон Комиссиянын ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
  3. Комиссиянын курамына кошулушу керек болгон Комиссиянын ыктымал мүчөлөрүнүн тизмесин аныктайт, бул тизмени талкуулайт жана ар бир талапкер боюнча өз-өзүнчө добуш берет.
  4. Комиссиянын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу чечим Комиссиянын отурумунун протоколу менен таризделет, ага Комиссиянын Төрагасы жана Катчысы кол коюшат.
  5. Комиссиянын курамын өзгөртүү тууралуу Комиссиянын отурумунун протоколу айыл өкмөтүнө берилет, анын негизинде айыл өкмөт башчы Комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат.

 

  1. Комиссиянын отурумдарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби

 

  1. Комиссиянын отуруму зарылчылыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
  2. Комиссиянын отурумдары ачык жана айкын өтөт.
  3. Комиссиянын отурумуна анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.
  4. Комиссиянын чечимдери отурумга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
  5. Эгерде Комиссиянын мүчөсү чечимге макул болбосо, анда ал өзгөчө пикирин жазуу түрүндө баяндап берет жана аны отурум өткөн күндөн кийинки үч жумушчу күндөн кечиктирбестен Комиссиянын катчысына жиберет. Комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикири отурумдун протоколуна тиркелет.
  6. Добуштар теңме-тең болгон учурда Комиссиянын отурумда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
  7. Комиссиянын отурумдарында кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет, аларга Комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучу жана Комиссиянын катчысы кол коюшат.
  8. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жактан камсыздоону айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
  9. Корутунду бөлүм

 

  1. Ушул Жобо аны бекиткен учурдан баштап күчүнө кирет жана аны жокко чыгарганга чейин, өзгөртүп же алмаштырганга чейин күчүндө болот.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

****************************************************************************************                                                         

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-7                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын типтүү жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 17.10.2018-жылдагы №01-18/126 сандуу буйругун жетекчиликке алып  С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ:

 

  1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
  2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөнкү курамы бекитилсин.
  3. И. Довидов – С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
  4. Т. Ахматохунов – Бирлик айылынын айыл башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
  5. Г. Мамытова – С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын катчысы.
  6. З. Гуломидинов – С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
  7. К. Хамидов – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
  8. С. Нурдинов – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
  9. М. Артиков – С. Юсупова айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
  10. Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия типтүү жобонун негизинде иш жүргүзүүгө милдеттендирилсин.
  11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

С.Юсупова айылдык Кеӊешинин                          2018-жылдын 26 – октябрындагы                 6-чакырык 5-сессиясынын №5-7 сандуу токтому менен бекитилген

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн “Бузуулар жөнүндө” иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары – Кодекс) каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын (мындан ары – Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
  3. Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
  4. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
  5. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  6. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
  7. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
  8. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
  9. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
  10. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
  11. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:

– жергиликтүү кеңештин депутаттары;

– муниципалдык кызматчылар;

– шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми Комиссиянын катчысы мэриянын (айыл окмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.

  1. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
  2. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

– соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;

– соттулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар;

– акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;

– медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган

адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.

  1. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

– жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндо арыз берген учурда;

– Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;

– Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

– күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

– медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;

– Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

– Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

– Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

– Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

– жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;

– жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда

токтотулат.

  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
  4. Комиссиянын ишинин тартиби
  5. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
  6. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
  7. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
  3. 23. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
  4. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:

а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,  ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
  3. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
  4. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  5. Комиссиянын мүчөлөрү:

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

– Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;

– бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;

– Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;

– жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;

– Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.

Төмөндөгүлөргө укуктуу:

– бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;

– бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;

– Кодексте каралган башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:

– Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

– Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;

– Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

– Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

– Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.

Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:

– өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

– Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;

– ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

  1. 30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:

– бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;

– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

– Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;

– ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:

– бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

– өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;

– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

– келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;

– бузуулар жөнүндо протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

– Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;

– Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;

– Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;

– аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

– Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

– Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

– Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;

– бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

– отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;

– Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

– бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;

– иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыкдар болушса,

алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

 

  1. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү

 

  1. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
  3. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
  4. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына  билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.,

  1. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

– бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

– отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;

– белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

– ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.

Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.

  1. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
  4. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:

– бузуулар жөнүндо иштерди эсепке алуу журналы;

– айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

– бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндо иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

****************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-8                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

Араван районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

Араван районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Араван районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн резервине төмөнкү талапкерлер көрсөтүлсүн.

 

Талапкердин А.А.А. Туулган жылы Жашоо дареги Ээлеген кызматы
1 Маматкулова Мохирахон Махамаджановна 13.10.1965 Араван айылы Азизохунов көчөсү ОсОО “Ак ниет”, эсепчи
2 Халматов Хусанбай 03.08.1951 Араван айылы Жомий көчөсү Ардагер-пенсионер
3 Мамашарипова Дилфузахон Солижоновна 29.05.1975 Араван айылы Ленин көчөсү С. Шарипов орто мектеби, мугалим
4 Хамидов Мирбек Абдулхапизович 12.05.1980 Араван айылы Ленин көчөсү Көчүбаев орто мектеби, мугалим
5 Осмонова Гулзода Таштемировна 17.07.1982 Каррак Х. Анаров орто мектеби, мугалим
6 Закиров Мусабек Бердибекович 14.08.1968 Каррак Балдар чыгармачылык борбору, мугалим

 

  1. Токтомдун көчүрмөсү Араван аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

****************************************************************************************                                                         

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-9                                                  26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө.

Араван районунун прокуратурасы тарабынан айылдык Кеңешинин кабыл алган укуктук актылары окулуп чыгылып, жыйынтыгында айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2001-жылдагы №571 сандуу токтому менен бекитилген типтүү жобонун 29.01.2018-жылдагы редакциясынын 7-пунктуна ылайык келбегендигине байланыштуу, аталган токтомду жокко чыгаруу боюнча талап кылынган кыршылык билдирүүнү жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 16.03.2018-жылдагы №2-11-сандуу токтому жокко чыгарылсын.
  2. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван районунун прокуратурасына жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу сессиянын катчылыгына жүктөлсүн.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

 

***********************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-10                                                26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 Араван районунун прокуратурасынын 02.10.2018-жылдагы мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө №11-1792-18 сандуу сунушту карап чыгуу жөнүндө

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылынын Азизохунов көчөсүнүн тургундары Азизохунов көчөсүнүн тургундагы арыз менен кайрылышкан. Алар арызында Азизохунов көчөсүндө жайгашкан “Агротехсервис” жеке ишканасына оор жүк ташуучу автоунаалар кирип, көчөнүн тургундарына кооптуу абал жаратып жаткандыгына билдиришкен. Андыктан Араван райондук прокуратурасы Азизохунов көчөсүндөгү кооптуу абалды жакшыртуу жана жолду сакталышын, оңдолушун камсыз кылуу үчүн 02.10.2018-жылдагы мыйзам бузуучулукту жоюу жөнүндө №11-1792-18 сандуу сунушту келтирген. Жогорудагы сунушту карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Азизохунов көчөсүндөгү жолго, жолдун абалын эске алуу менен Араван РИИБнын МАИ кызматкерлери менен макулдашып тийиштүү жол белгилерди коюу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
  2. Азизохунов көчөсүнүн жолун ремонттоо жана тратуар куруу С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2019-иш чараларынын планына жана бюджетине киритүү сунушталсын.
  3. Токтодун көчүрмөсү Араван райондук прокуратурасына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

***********************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-11                                                26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №37-үйүнүн тургуну Ураимжанов Алишер Абдунабиевичтин арызын кароо жөнүндө

Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №37-үйүнүн тургуну Ураимжанов Алишер Абдунабиевичтин Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке менчик жалпы аянты 840 м2 МТМ гаражынын жер участогу багытында жерин, курулуштук багытын турак үйдүн жер аянты багытына өзгөртүүгө  макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып,                     С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

  1. Араван айылынын Чкалов көчөсүнүн №37-үйүнүн тургуну Ураимжанов Алишер Абдунабиевичтин Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүндөгү жеке МТМ гаражы багытындагы менчик жалпы аянты 840 м2 жери айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен турак үй багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  1.  Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

***********************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

 

Араван айылы                                                           №5-12                                                26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 

Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №20-үйүнүн №1-батиринин тургуну Хамидова Бахтиерхон Сайибжановнанын арызын кароо жөнүндө

 

Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №20-үйүнүн №1-батиринин тургуну Хамидова Бахтиерхон Сайибжановнанын өзүнүн жеке менчик жашап жаткан батирине тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгүн курулуштук багытын даарыкана жана медециналык кабинет (врачебный, процедурный) багытана өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтерди үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексин жетекчиликке алып,                           С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

  1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн №20-үйүнүн №1-батиринин тургуну Хамидова Бахтиерхон Сайибжановнанын өзүнүн жеке менчик жашап жаткан батирине тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен даарыкана жана медециналык кабинет (врачебный, процедурный) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  1. Аталган жерди курулуштук багытын өзгөртүү маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына каршы келген учурда комиссиянын сунушу менен бул токтомду аткаруудан баш тартуу мүмкүн экендиги белгиленсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

***********************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 5-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №5-13                                                26.10.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

 

Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталында айылдык бюджетинин киреше жана  чыгыша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

С.Юсупова айыл өкмөтү тарабынан  даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социальдык өнүгүүсүнүн 2018-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн  2018-жылдын 4-кварталында айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү маселесин карап жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирелерин эске алуу С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат

 

Т О К Т О М :

 

  1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгү, 2018-жылдын 9-айындагы өзгөрүүлөрдү кошуп эсептегенде 300,0 миң сомго алымчасы менен бекитилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
  2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгыша бөлүгү, 2018-жылдын 9-айындагы өзгөрүүлөрдү кошуп эсептегенде 300,0 миң сом алымчасы менен бекитилсин (№2-тиркеме тиркелет).
  3. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде  жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн беренелери                             №3 тиркемеге ылайык жылдырылсын (№3-тиркеме тиркелет).
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р.Базарбаевке жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

С. Юсупова айылдык  Кенешинин                  6-чакырык 5-сессиясынын №5-13-токтомуна №1-тиркеме

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде айылдык бюджетинин каражаттарынын планы  жыл башына бекитилген планга карата өзгөрүүлөрү төмөндөгүчө:

 

Кирешелердин аталышы Алымча

(мин сом)

Кошумча

(мин сом)

1 Кыймылсыз мулк салыгы -6,2
2 Физикалык тараптардын

Тарнспорт салыгы

+131,7
3 Сатуудан алынуучу салык -468,1
4 Айыл чарбасына

Багытталбаган жерлерди сатуу

+42,6
Кирешелердин

Жыйынтыгы:

-474,3 +174,3
Бардыгы: -300,0

 

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

С. Юсупова айылдык  Кенешинин                  6-чакырык 5-сессиясынын №5-13-токтомуна №2-тиркеме

 

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын  чыгаша бөлүгүнө кошумчасы төмөндөгү беренелердин кыскартылсын:

 

Берененин

аталышы

Берене Алымча (-) Кошумча (+)
Билим берее (орто мектеп)
Комур сатып

алуу

2224 -300,0
Бардыгы:   -300,0  

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

 

С. Юсупова айылдык  Кенешинин                  6-чакырык 5-сессиясынын №5-13-токтомуна №3-тиркеме

 

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-кварталы ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын  чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн беренелер боюнча жылдыруулары

 

Берененин

аталышы

Берене Алымча (-) Кошумча (+)
Аппарат
Ар турдуу

чыгымдар

2215 +250,0
Билим беруу (орто мектеп)
Комур сатып алуу 2224 -265,0  
Коммуналдык

чыгымдар

2231 +465,0
Билим беруу (башталгыч мектеп)
Комур сатып алуу 2224 -100,0
Билим беруу (балдар бакчасы)
Тамак аш 2218 -350,0
Бардыгы: -715,0 +715,0
0,0

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                      К. Нарматов

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.