6 чакырык 3 кезексиз сессия

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 3-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №3-1                                                11.05.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айылдык Кенешинин                       6-чакырык кезексиз 3-сессиясынын катчылыгын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамына жана айылдык кеңештин регламентине ылайык С.Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:         

  1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясынын катчылыгына айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы И. Ташполотов жана №5353-«Хамза» шайлоо учаскасынан депутат  Нурдинов Сайфидин шайлансын.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                    К. Нарматов

***************************************************************************************

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык кезексиз 3-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №3-2                                                11.05.2018-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Дөбө айылдарынын тургундарынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевтин атына жазган арызын кароо жөнүндө

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Бирлик, Кызыл-Дөбө айылдарынын тургундарынын айыл Өкмөтүнүн М. Султанов көчөсүндөгү мурдагы колхоздун чарбалык кампасында түнкү дүң мөмө-жемиш сатуу базарын уюштурулушуна нааразылык билдирип, айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевтин атына жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча Ш. Файзуллаевтин маалыматын угуп, депутаттардын сунуш пикирлерин, талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат;

ТОКТОМ

  1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн М. Султанов көчөсүндөгү мурдагы колхоздун чарбалык кампасындагы (хоз. двор) жерлер айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгондуктан, аталган жердеги кампалар айыл тургундарына мөөнөттүү пайдаланууга берилгендигине, дүң базарын уюштуруу үчүн шарт жоктугу, ошондой эле М. Султанов көчөсүнүн тургундары түңкү базар уюштурулушуна каршы болгондугуна байланыштуу, аталган жерде түнкү дүң мөмө-жемиш сатуу базарын уюштурууга уруксат берилбесин.
  2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн М. Султанов көчөсүндөгү мурдагы колхоздун чарбалык кампасындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон навести өз билемдик менен бузуп салган атуулдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чара көрүү Араван районунун укукту коргоочу мекемелеринен суралсын.
  3. Араван айылынын борборундагы А. Наваи атындагы орто мектебинен баштап, жаңы курулган көпрөөгө чейинки аралыктагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жерлерде, элдин жалпы пайдалануусунда болгон жерлерде, тратуарларда айыл тургундары тарабынан соода иштеринин жүрүшүн иретке келтирүүнү, жолдорду, тартуарларды тазалоону камсыз кылуу айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары – депутат Фарход Жусуповго жүктөлсүн.
  4. Араван айылынын борборундагы А. Наваи атындагы орто мектебинен баштап, жаңы курулган көпрөөгө чейинки аралыктагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жерлерде, элдин жалпы пайдалануусунда болгон жерлерде, тратуарларда айыл тургундары тарабынан соода иштеринин жүрүшүн иретке келтирүүнү, жолдорду, тартуарларды тазалоону камсыз кылуу үчүн Фарход Жусуповго аталган жерлерде соода кылып жаткан соодагерлерден жыйын жыйноого макулдук берилсин.
  5. С. Юсупова айылдык Кеңешинин, С. Юсупова айыл өкмөтүнүн укуктук ченемдик актыларын мыйзамдуулугун жана аларды айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылышын көзөмөлдөө үчүн келишимдин негизинде юрист алынсын жана юристтин кызмат акысы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен берилишине макулдук берилсин.
  6. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагындагы тийиштүү ишкана мекемелерге токтомдун көчүрмөлөрү аткарууга алуу үчүн жөнөтүлсүн.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик, экономика бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына  жана С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы                                Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин төрагасы:                                                                    К. Нарматов

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.