Сессия №24

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы

 Т О К Т О М

Араван айылы                                                           №24-4                                              30.07.2016-жыл

Кыргыз Республикасы

С. Юсупова айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык ѳнүгүү планын бекитүү жѳнүндѳ

С. Юсупова айыл Ѳкмѳтү тарабынан сунушталган айыл ѳкмѳтүнүн 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык ѳнүгүү планын карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ:

  1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык ѳнүгүү планын бекитилсин.
  2. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык ѳнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткаруу айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
  3. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтүнүн 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык ѳнүгүү планында белгиленген иш чараларды аткарылышы боюнча жылдык очетторду угуу белгиленсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.

С.Юсупова айылдык

Кеңешинин тѳрагасы:                                                                    Б. Маннанов

 

С.Юсупова айылдык Кеңешинин

4-чакырылышынын  кезексиз

24-сессиясынын  № 24-4-токтому

менен бекитилген.

 

С.Юсупова айыл округунун 2016-2017-жылдар үчүн Стратегиялык ѳнүгүү планы

 Мазмуну

 Кириш сөз.

  1. Стратегия элеси.
  2. Миссия.
  3. С.Юсупова атындагы айыл өкмөттүн профайлы.
  4. Тышкы чѳйрѳнү анализдөө.
  5. SWOT-Анализи.
  6. Иш-чаралар:

6.1 Социалдык багыт.

6.2.Экономика.

6.3.Айыл чарба.

6.4.Инфраструктура.

6.5.Кадрлар менен иштөө.

  1. Мониторинг.

Сонку сөз.

 УРМАТТУУ ОКУРМАН!

Биз, С Юсупова айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык Кенешинин депутаттары, жаштар өкүлчүлүктөрү жана ошондой эле кызыккан жарандык коомдун өкүлдөрү менен бирге жаңы 2016-2017 -жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыктык.

Урматту окурман, Сиздин колуңуздагы С Юсупова айыл аймагынын 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен толук таанышып чыгышыңызды каалайт элем, себеби бул планды түзүүдө жумушчу топ өзүнүн болгон күч аракетин жумшап, кызыктуу идеяларды, алдыга койгон максаттарды белгилеп, кыялдануусун дагы жашырган жок. Жазылган ар бир сап айылдын өнүгүүсүнө түрткү боло турган дем менен курчалган.

Биз, С Юсупова айылдык аймагынын тургундары, өнүгүү планын ишке ашырылышына баардык мүмүкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз жана кандай кана кыйынчылык болбосун, биримдикте иш алып барып, айыл аймагыбызды эң алдынкылардан кылууга аракет жумшап, жарандарыбызды бакубат жашоого жетишине түрткү берерибизге мен ишенем.

С Юсупова айыл аймагынын

айыл өкмөт башчысы:                                          Файзуллаев Ш.Х.

  1. СТРАТЕГИЯ ЭЛЕСИ.

Биз, С. Юсупова айыл аймагынын тургундары келечекте айылыбызды

 

  • айыл чарбасы жаны технологиясы менен өнүккөн,
  • социалдык   тармактары   жогорку   денгээлде   (балдар    бакчалары,
  • мектептер,     спорттук     аянтчалар,     китепканалар,     медициналык
  • имараттар жетиштүү, эл таза суу жана электр энергия менен толугу
  • мененкамсыз болот),
  • сапаттуу    билим жана сапаттуу медицина кызматы менен камсыз
  • болгон,
  • айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчу ишканалар ачылып, эл
  • жумуш орду менен камсыз болгон,
  • эли бакубат турмуш жашоого жетишкен,
  • айылдын инфраструктурасы өнүккөн, экологиясы таза, көчөлөрү түз,
  • жарык, таза жана гулдору көп,
  • эли маданияттуу жана жогорку билимдуу,
  • башкарууда күчтүү, профессионал кадрларга ээ болгон көп улуттуу, ынтымактуу

айылдеп көрөбүз!!!

  1. МИССИЯ.
  • Башкаруу органы элесге жетүү үчун айыл аймагы элине бардык шарттарды
  • түзүү;
  • Жергилитүү өз алдынча башкаруу органы элеске жетүү үчүн ар бир жараига,
  • коомдук уюмга жана башка жарандык коомдук окутуна муниципалдык жана
  • мамлекеттик   органына   Кыргыз   Республикасын   мыйзамдарына   ылайык
  • бирдей шарттарды түзөт;
  • Башкаруу органыда бардык иш чараларды ачык айдындуулук принциптери
  • негизинде аткаруу;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл аймактын өнүгүүсүнө
  • толук малыматтарды  берүү,  жарандарды  чечим  кабыл  алуу  процессин
  • катыштыруу.
  1. С.ЮСУПОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ ӨКМӨТТҮН ПРОФАЙЛЫ.

С. Юсупова Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1999-жылы 16 сентябрда түзүлгөн. Айыл өкмөтү район борборунан алыстыгы 1 км. Облустук ,борбордон 25 км. Темир жол станциясынан 27 км, эл аралык «Ош» аэропортунан 30 км алыстыкта жайгашкан. Айыл өкмөт территориясы негизинен райондук центрде жайгашкан. Алыскы айыл Сүтхор айылы эсептелет. Ал Айыл өкмөт имаратынан 15 км алыста жайгашкан.

Айыл өкмөт батыштан Чекабад АӨ, чыгыштан А.Анаров АӨ, түштүгүнөн Мангыт АӨ, түндүктөн Нурабад айыл өкмөттөрү менен чектешет. Райондогу Араван-Сайдын оң жээгинен орун алган.

Айыл өкмөтүнүн рельефи дыйканчылык жана мал-чарбасы менен иштөөгө ыңгайлуу. Дениз деңгээлинен бийктиги 600 – 800 м. Климаты дыйканчылык үчүн өтө ынгайлуу, мезгил алмашуу өз убагында болот. Ошондуктан дыйкандар бир сезондо эки түшүм алышат. Дыйканчылык жакшы өнүккөн, жай айларында 40 – 45° С ысык болот, күз мезгили жакшы келет.

Калктын саны 22.01.2016 жылга карата: кожолук саны 4964, адам саны 24208, анын ичинен 11907 эркек, 12301 аялдар түзөт. Айыл өкмөт территориясында элдер тыгыз жашайт, 1 кв.метрге 80-100 – киши туура келет.

  • Калктын улуттук курамы:
  • Кыргыздар-2291
  • Өзбектер-21448
  • Орустар – 47

«    Тажиктер – 76

  • Башка улуттар – 346 тузөт.

Айыл өкмөттүн аппаратында 27 штаттык бирдик бекитилген. Аппаратта 21 эркек, 6 аял эмгектенет.

Айыл кенешинин курамы 31 депутаттан турат, алардан 27 эркек, 4 аял. Айыл өкмөтүнүн киреше-булактары:

  • Жергиликтүү бюджет – 28000,0 (2016 жылга карата).
  • Республикалык бюджеттен (мугалимдер, тарбиячылар, медиктердин айлык маянасы) – 44590,6.
  • Тендөөчү грант – 2795,4.
  • Өсүү темпи -173,5.

Айыл өкмөтүнүн калкы:

  • Мал-чарба менен – 35 %;
  • Дыйкан чарба менен – 43% (дыйканчылык жакшы өнүккөн, дыйкандар эртенки картошка,    карам,   помидор,    бадыран,    пияз,    пахта,    буудай жетиштирет);
  • Соода-сатык – 16%;

Кызмат көрсөтүү – 2%;

Башкалар – 4%.

Айыл өкмөтүнүн жалпы жер аянты – 15277 га. Айыл чарба жерлери – 8763 га.

  • Жалпы айдоо аянты 2131 га,
  • Сугат – 1754 га,
  • Кайрак – 377 га, « Жайыт – 6439 га, «    Бак-114га,
  • КБФ – 548 га,
  • Тамарка – 449 га.

Айыл өкмөт территориясынын 40% ин жайыт жерлер ээлейт. Бирок алар айыл өкмөттөн алыста жайгашканы үчүн толук пайдаланылбайт.

Азыркы учурда айыл екмөтүндө мал чарбасы боюнча 1 ветврач жана 1 ветеринардык аптека, 7 ветеринар бар.

  • Ийри мүйүздүү мал – 5182;
  • Анын ичинен уйлар – 1951;
  • Кой-эчкилер – 5510; »    Жылкы – 45;
  • Үй канаттуулар – 9483 даана.

Алардан алынган продукцияларын өндүрүү:

  • Эт (тирүүлөй салмакта) – 796 т;
  • Сүт-3884т;
  • Жүн-12т;
  • Жумуртка – 613,0

Айыл өкмөтү 90% таза суу менен камсыз болгон. Айыл өкмөттө 3 СООПВ кызмат көрсөтөт.

Бирок сугат суу маселеси Кызыл-Төбө, Бирлик, Сүтхор, Октябрь, Эрке-Кашка айылдарында оор. Жай айларында бул айылдарда сугат суу саат менен берилет. Айыл өкмөттө 19 скважина, 3 АВП иштейт.

Көчөлөрдү тазалоо иштери айыл өкмөтү жана жамааттар менен иш жүргүзүлөт.

АӨ аймагында 1828 атуул пенсия, 350 атуул пособия алышат. Пенсия, пособия өз убагында ай сайын төлөнүп келет.

Айыл өкмөтүндө 2 ФАП, 1 ГСВ (үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу) элге кызмат кылат.

Бирок ГСВ имаратынын корпусунда врачтар үчүн кабинеттер жетишпейт. Ошондуктан элдер башка айылга барышат.

Айыл өкмөттүн аймагында:

  • Дыйкан чарбалар – 1930 даана;
  • Кооперативдер – 5;
  • Үрөөнчүлүк чарба   –   2.   (   үрөөнчүлүк   негизинен   пахта   жана   буудай үрөөндөрүн даярдайт).

Дыйканчылыкта өндүрүлгөн продукциялар айыл өкмөт территориясыида жайгашкан «Мөмө-жемиш» базарында сатылат.

Айыл өкмөттө кайра иштеп чыгуучу кичи ишкана жок.

Айыл өкмөттүн аймагында 6 орто мектеби, 1 башталгыч жана 4 балдар бакчасы иштөөдө.

Окуучулар  санынын  өсүү  натыйжасында  бүгүнкү  күндө  А.Навои,   С. Шарипов атындагы орто мектептерде окуу канаалары жетишпейт.

  • Окуучулардын саны – 4777; о Мугалимдер-363.

Ар бир мектепте китепкана жана спорт зал бар. Мындан тышкары 2 айылда китепкана, 3 спорт майданчасы, 1 стадион бар.

Балдар бакчаларда:

  • Балдардын саны – 270;
  • Тарбиячылардын саны – 50.

Айыл екмөтү территориясында бардык банктар иштеп келет, бирок кредит берүүнүн пайызы жалпысынан 26 – 32% түзөт.

Айыл   өкмөтүндө   жер   негизинен   0,7-0,9   га   берилген.   Ошондуктан жумушсуздук көп. Жаштардын 40-50%) Россия Федерациясына иштеш үчүн кетет

  1. ТЫШКЫ ЧѲЙРѲН/ АНАЛИЗДӨӨ.

 

Араван районундагы С.Юсупова Айыл өкмөтү мамлектибиз тарабынан кабыл кылынган «2013-2017-жылдар үчүн мамлекетти өнүктүрүү Стратегиялык планы»нын алкагында айыл өкмөтүнүн статегиялык планы кабыл алынган.

Стратегиялык пландын негизги максаты айыл тургундарынын турмуш шартыны жакшыртуу, айылды көрктөндүрүү жана элге социал кызматтарынын сапатыны жогорулатуудан турат. Булар элди таза ичимдик суу менен камсыз кылуу, медицина кызматынын сапатыны көтөрүү үчүн ГСВ жана ФАПтардын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө, ошондой эле мектептердин, бала бакчаларынын материалдык-техникалык базасыны бекемдөө аркалуу билим сапатыны жогорулатуу болуп эсептелинет. Элдин негизги киреше булагы болгон айыл чарбасыны өнүктүрүү, жер менен иштөөдө жаңы технологияларды айыл тургундарына жеткирип туруу, айылда кичи ишканалар ачууга көмөктөшүү аркалуу кошумча иш орундар түзүү, айыл өкмөтү аймагынын инфракструктурасын жакшылоожол, электр энергия, суу ресурустарыи жана башкаларды куруу менен ремонттоодон турат.

Айыл өкмөтү кабыл кылган стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн мамалекетибиз тарабынан кабыл алынган Программалар, Мыйзамдар негизинде иш алып барууда.

 

Мисалы үчүн: «2011-жыл облусубузда инвестицияларды тартуу жана ишчи орундарды ачуу, иштеп чыгарылган айыл чарба продукцияларыны кайра иштетуучу жана сактоочу кичи ишканаларды ачуу жылы» деп жарыялаган.

Мына ушул максатта айыл өкмөтү аймагында да 20 дан ашык кичи ишканалар ачылды, булар мебелдерди даярдоо жана реставрация кылуу цехтери, гыш чыгаруу цехи, аялдар үчүн чеберкана, набайкана ,ашканалар, кондитердик цехтер жана башкалар. Бул ишканаларда 500 дөн ашык ишчилер иштешүүдө,

 

2015-жыл Экономиканы көтөрүү жылында өкмөтүбүз элдин турмуш шартыны дагы да жакшылоо жана айыл чарба продукцияларыны сатууга шарт жаратуу максатында: «Мөмө-жемиш» базарынын базасында түнкү базарды ачууга жетишти. Бул жерде айыл тургундары ездөрү жетиштирген продукцияларын дүң баада сырттан келген кардарларга сатууга мүмкүнчүлүк алышты. Мурда айыл тургундары өздөрүнүн айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн облус борбору Ош шаарына барчу.

С.Юсупова айыл өкмөтү тышкы инвестицияны алып келүүдө, чет элдик донорлор менен өз ара кызматташтык кылууда да тажырыйбасы жетиштүү,

Айыл өкмөтү өзүнүн стратегиялык планыны ишке ашырууда чет элдик инвестиция жана мамлекеттик ишканалар менен үзүрлүү кызматташтык кылып келүүдө.

Мисалы, өткөн 2010-2015-жылдарда айыл өкмөтү баары болуп, 23457 000 сом грант алып келди.

Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн финансы министирлигинин стим. Гранты негизинде Манас мектебинин спорт залы курулду.Бул курулушка 11 500 000 сом ажыратылган.

2014-2015-жылда айыл өкмүтүнүн бюджетинин эсебинен 4 балдар бакчасы ачылды.Азыр балдар бакчасында 225 бала тарбия алууда.Балдар бакчасында иштөө үчүн айыл өкмөтүндө жашап жаткан 60 адам иш менен камсыз болду.Булар Каржы министирлигинин бюджетинен айлык алышууда.

Айыл элинин өсүшү жана автотранспорттун көбөйүүсүнүн себебинен өкмөт аймагындагы Аравансайдагы 1 көпүрө тыгын болуп элге кыйынчылык жаратчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт Аравансайга 2 көпүрө куруу зарылчылыгы бар экендиги туурасында Каржы министрлигине, Транспорт министирлигине жана депутаттарга кайрылуу жасады.Натыйжада копүрө сметасы даярдалып, мамлекет бюджетинин сметасына киритилүү алдында турат.

Элдин өсүшүнүн натыйжасында айыл аймагында курулган ГСВ нын имаратынын бөлмөлөрү жетиштүү болбой калды. Бөлмөлөрдүн кичине жана аздыгынан айрым медицина кызматтары булл жерде жок.

Айыл элинин өсүүсү жана жашоо аймагынын кеңейгендиги менен окуучулар үчүн Мектеп, окуу бөлмөлөрү жетишпей жатат. Мисалы С.Шарипов мектебинин окуучулары толук 2 сменде окушат,бул мектепке окуучулар Теплица участкасынан 3-5 км жол басышып келишет.Теплицада мектеп ачуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарына жана Каржы министирлигине кайрылып, сметасы даярдалып тапшырылды.

С. Шарипов мектебине да кошумча окуу бөлмөлөрү керек. Бул мектептин китепканасынын имараты да авариялык абалда.Азыр китепкананын сметасы даярдалып, АРИС проектисине тапшырылды.

Навои жана Сайдахматов мектеби үчүн да кошумча окуу бөлмөлөрүнүн сметалары даярдалып, стим.грантга тапшырылды.

Айыл өкмөтү өз алдына койгон максатына жетүү үчүн тышкы мамилелерди дагы да бекемдеп баруу керек: чет элдик инвестициялар, мамтекеттик ишканалар, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар, жааматтар менен тыгыз байланышта болу зарыл

  1. SWОТ – АНАЛИЗИ.

Маалыматта С Юсупова айыл аймагынын күчтүү, алсыз, мүмкүнчүлүк жана коркунуч жактары каралып, анализдин жыйынтыгы менен өнүгүү планында алсыз жана коркунуч жактарын басандатуу, мүмкүнчүлүктөр менен күчтүү жактарын колдонуу жагына көңүл бурулган.

Жыйналган маалыматтар тезис түрүндө ЗҮ/ОТ анализде жыйынтыкталды. 8үҮОТко кирген маалыматтар:

– муниципалитеттин профайлы;

– жергиликтүү бюджеттин анализи (киреше, чыгаша); -муниципалдык активдердин анализи;

-тышкы чөйрөнун анализи;

-жарандарды сурамжылоонун жыйынтыктары (буклет аркылуу);

-өнүгүү планынын отчетунун жыйынтыгы;

-РКА жыйынтыктары.

Күчтүү жактары Алсыз жактары
•   2016-жылдын 1-январынакарата 4964 түтүндү түзүп, жалпы жашоочулардын саны 24 208 адамга жеткең.

•   2016 -жылы жалпы айыл чарба жери 8763га,   анын   ичинен   айдоо   аянтынын 2131 га, сугат жери 1754    га, кайрак 377 га,    жайыт 6439 га .бак 114 га, кайра бөлүштүрүүчү    фонддун жери     548  га түзөт.

•   Айыл тургундары дыйканчылык жана мал   чарбачылык   менен   өнүккөи,   мал чарба менен 35 %, дыйкан чарба 43 %, соода -сатык 16 %, кызмат корсотуу 2%,

Чшкалар4%.

•   Айылдык    Кенешинин    курамы    31 депутаттан турат, депуттардын айылдык Кеңеши бекиткен 2013-2017 жылдар учун өнугуу Стратегиялык план менен бардык иш-чаралар,   тарифтер   менен   айылдын тургундары иш жүргүзүшөт.

•   Эл 80 % таза суу менен камсыздалган

•   Мектептер,        балдар        бакчалары, спорттук    майданчалар,     ГСВ,     ФАП, маданият үйү, китепкана бар.

•   Айыл аймактын территориясында    2 базар, 6 банк, Юдон ашык мамлекеттик ишканалар,      кичи   ишканалар,   соода дукөндөру бар

•   2014-2015 жылдарда   айыл өкмөтүнүн бюджетинин 42 %   социалдык тармакка жумшалган.

Айыл аймагы жайгашган жер облустук борборго    жана    райондук     борборго жакын жайгашкан.

•   Айыл       аймагы жогорку     билимдуу ишкерлер көп.

•   Айыл   аймагында

территориясында кадрлар,      жеке

бюджетти   кабыл

ачык- айкындулук менен өткө

Айыл аймагында сугат суусу жетишсиз: Нажган каналы, Узи келди каналдарынын сапаты начар.

•    Айыл чарбада техника, жер семиткичтер, урөндөр жана бул багытты тейлөөчу агроном адис жок.

•   Дыйканчылыкта жетиштирилген продукцияларды сатуу кыйын.

•   Продукцияларды кайра иштетуучу кичи ишканалар жок.

•    Продукцияларды сапатын текшешерүүчу лабораториялар жок.

•    Социал багытта: Навои жана С. Шарипов мектептеринде окуу класстар жетишсиз.

•    Теплица участкасында мектеп жок.

•    Мектептерде инвентарлар жана окуу китептери жетишсиз.

•   Балдар учун дем алуу аянтчалары, жай мезгилинде лагерлер жок.

•    Айыл аймагындагы баардык мектептер капитал ремонт талап кылууда.

»    Сутхор, Навруз, Бирлик жана Теплица

участкасында балдар бакчалары

жетишсиз

«    ГСВ да шарт начар болгондуктан

медициналык кызмат начар

•    Инфраструктура боюнча: Айыл аймагы райондук борбордо жайгашкандыгы учун кечелөр пробка,

территорияда 1 көпурө бар, ички жолдордун сапаты начар.

Мумкунчулук Коркунуч
•   Айыл чарбаны өстүрүүгѳ бардык ыңгайлуу шарттар бар

•    Продукцияларды сатууну жолго койууга шарт бар, түнкү базар ачылган.

•    Чет эл инвестициялары, мамлекеттик бюджет, айыл аймагы бюджети, элдин колдоосу менен мектеп, балдар бакчасы, ‘чолдор, көпурөлөр куруу жана каналдарды ремонтоо мумкун

•   Таза суу менен айыл аймагынын 100 % га камсыздоо мумкун.

•    Жетишсиздиктерди жергиликтүү бюджетти көтөруу менен чечуу мумкун. Ал үчун бюджетти көтөруу керек, бардык ишканалар, дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер, элдер өз убагында салыкты төлөөгө жетишуу керек.

•   Маданий үй, парк, спортту өнүктүрүү, балдардын эс алуусун уюштуруу  мумкун

•    Элдин демилгесин колдоо аркылуу кичи ишканаларды ачуу мумкун

Жердин унөмдүүлугу жана мал чарбасы төмөндөп кеткендиги себептүү акыркы жылдарда   үй-бүлөлүк киреше азайышына чоң таасирин тийгизүүдө

•   Айылдагы таштанды маселеси экологиялык курч абалга алып келүүсү мүмкүн.

•   Айыл аймактын климаты өзгөрүүдө. Жай мезгилинде өтө ыссык, кыш суук болгондуктан дыйканчылыкка терс таасирин тийгизиши мумкун

•   Билим берүү мекемелердин материалдык – техникалык абалдары жылдан жылга начарлап баруусу менен, билим берүү сапаты төмөндөп кетиши мүмүкүн

•   Айыл аймакта саналуу спорттун кружоктору иштейт, жаш еспүрүмдөрдүн бош убактылары толук камтылбагандыктан терс көрүнүштөргө баруусуна кепилдик жок

•    Айыл аймагында жумуштун жетишсиздигинен жаштардын айыл аймагынан тышкары чыгып кетүүсү көбөйдү.

•   Каналдардын абалы начарлаган сайын сугат суу айдоо жерлерине жетпей калышы менен кайрак жерлерге айланып кетүү коркунучун туудурууда.

•   Жолдорду начарлыгы, көпүрө жоктугуна байланышту кырсыктар көбөйүшү, конфликтердин келип чыгышы мүмкүн.

•    Диний -экстремизмдин кучөшү менен конфликттер келип чыгышы мүмкун

 

 


 

6-ИШ ЧАРАЛАР

6.1. Социалдык багыт

 

Дин маселелери
Экологиянын бузулуушу

менен к\ръш\\

/й-б\лъъ, жаштар жана  миграция маселелерин чеч\\
Саламаттык сактоо системасын денгээлин жогорулатуу
Билим бер\\ системасын жана  маданият денгэлин жогорулатуу

 

 

Стратегиялык максат -1.1 Билим беруү системасын жана маданият денгээлин жогорулатуу
Милдет Иш- чара Мөөнөтү Болжолдуу наркы Жооптуу Жыйынтык
1.Мектеп , балдар бакчалары, спорт залдары, маданият уйлөрү, китепкааналарды инвентарлар менен камсыздоо . • Мектеп , балдар бакчалары, спорт залдары, маданият үйлөрү, китепканаларды инвентарга болгон муктаждыктарын аныктоо боюнча инвентаризациялоо жүргүзүү « Муктаждыктарга карата смета даярдоо 2016, 2017-жыл Смета боюнча С Юсупова айыл аймагынын мектеп, балдар бакчалары, китепкана, маданият үйлөрү, спорт залдар директорлору Мектептерде 5000 ашык окуучу, балдар бакчасында 470 тарбиялануучу билим алууга ыңгайлуу шарттар түзүлөт, алар китеп менен камсыз болот, спорт
 

 

• Инвентарларды сатып алуу

жана орнотуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

залдары, маданият

уйлөрундө балдар

жана элдер учун

шарт болот

2.Кыргыз Республикасынын

билим жана илим

министрилиги, чет эл

инвестициялары, жергилуктүү

бюджет , жеке ишкерлер жана

элдин колдосу менен мектептер

балдар бакчаларын курууга

аракет көрүү

 

 

 

• Теплица участкасында

жаңы мектеп куруу

• Навои жана С. Шарипов

орто мектебине кошумча

класстар куруу

• X. Абдуллаев, Манас, С

Шарипов жана Нарбаев

мектептерин капиталдык

ремонтоо

• Сутхор, Теплица, Навруз

участкасында балдар

2017 жылдан

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Смета

боюнча

 

 

 

 

 

 

 

 

 

С Юсупова айыл

аймагынын айыл

өкмөтү, мектеп

директорлору

 

 

 

 

 

 

 

Балдардын билим

алуусу үчүн

шарттар түзүлөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

,

 

 

бакчаларын куруу

• Бирлик, Уч копурок.

Октябрь, Пахта арал

балдар бакчасына кошумча

топ ачуу.

« Сайдахматов атындагы

маданият уйунун жана

библиотекасын капиталдык

ремонтоо

• Каржылоо булагын табуу

үчүн даярдалган проектик

сметалык документтерди

Кыргыз Республикасынын

билим жана илим

министрилигине, Каржы

министрлигине, чет элдик

инвесторлорго жиберуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Стратегиялык максат – 1.2
Саламаттык сактоо кызматынын денгээлин жогорулатуу
ГСВга кошумча кабинеттер

куруу, Теплица участкасына фельдшердик-акушердик пунктун ачуу, ФАПтарды ремонтоо, аларды инвертарлар менен камсыздоо

• ГСВ га кошумча имарат

Теплица участкасын ФАП куру ФАПтарды ремонттоо учун сметалык документтерди даярдоо

Каржы булактарын табу

 

2017жылдан Смета Айыл аймагы

кызматкерлеру, ГСВ,.

ФАП башкаруучулору, айыл башчилар

 

Эл учун сапаттуу  медициналык шарт тузулот
Стратегиялык максат 1,3

/й-бүлѳѳ, жаштар  жана миграция маселеелрин чечуу

Айыл аймагындагы жаш уй -булөөлөргө бактылуу жашоо үчун шарт түзүү аркылуу жакырчылыкты жойуу
С.Юсупова айыл аймагы территорясынын жашылдандыруу жана көркөмдөтуу, санитариялык абалын жакшыртуу

 

Ар жылы айыл аймагы территориясында көркөмдөтуу иштерин алып баруу

• Көчөлөрду тазалоо, таштандыларды өз убагында алып чыгуу, көчөт, гүлдөр, бак -дарактарды өстүрүү үчүн элдерди көтөруу

 

2016-2017 жылдар

 

Иш -пландар боюнча

 

Айыл өкмөтү,

депутаттар, айыл

башчылар,

активистер

С. Юсупова айыл аймагы, көркөм, таза айыл болот,

Элдин жакшы

жашоосу үчүн шарт

түзүлөт

Стратегиялык максат 1,5

Дин маселелери

С.Юсупова айыл аймагы элдеринин дин маданиятын көтөрүү

 

• Эл арасында диний-экстремизмге каршы түшүнтүрүү иштерин алып баруу

»Дин мекемелери иштерин

көзөмөлдө > Дин лидерлери менен

тыгыз байланышта болу

2016-2017 жылдары

 

Иш пландар боюнча

 

Айыл өкмөү, депутаттар, айыл

башчылар,

жааматчылык, диний

лидерлер

Ээлдердин диний экстремизге кирип кетүүсү алды алынат

 

 

Салыктардын

топтолушун камсыздоо

Айыл чарба продукцияларын кайра иштет\\ч\ ишканаларды т\з\\ жана  саттууга шарт жаратуу
Жарандардын \й-б\лъл\к кирешесин

Жогорулатуу боюнча  чакан ишканаларды  уюштуруу

Ишкердикти колдоону маалыматалмашуу аркылуу ж\рг\з\\

6.2. Экономика

 

Стратегиялык максат -2.1

Жарандардын үй -бүлөлүк кирешесин жогорулатуу боюнча _____чакан ишканаларды уюштурууга кемөк керсѳтүү_____

Милдеттери Иш чара Мооноту Болжолдуу наркы Жооптуу Жыйынтык
Чакан ишканаларды ачууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы нормативдик -укуктук актыларды алууга ыңгайлуу Чакан ишканаларды же ишкерлерликти ачуу боюнча жергииктүү өз алдынча башкаруу органы тарабыиан норматидик-укуктук актыларды 2016-2017 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органы

(жергшшктүү

Кеңеш, айыл

өкмөт)

Тез жана ьщгайлуу

шарттар түзүлүү менен

жарандар ишкердүүлүктү

жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк

алышат (сүт, жүндү

иштетүү, техникалык

сервис, эмерек жана

шарттарды түзөт шарттарын түзүү башка цехтерин ачуу)
Стратегиялык максат – 2.2 Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга шартарды түзүү жана сатууга шарт жаратуу
Продукцияларды сапатын аныктоочу лаборатория ачуу,жеке ишкерлерге кайра иштетуучу ишканалар ачууго комоктошуу. Сатуу учун шарт жаратуу • Лаборатория ачуу учун сметалык документарды даярдоо • Жеке ишкерлер менен ишканалар ачуу үчүн сүйлөшүү жана аларга шартар түзүү Керектүү жабдыктар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү • Продукцияларды сатуу үчүн Тунку базардын ишинин жакшыртуу 2016-2017 Сметалык документар негизинде С Юсупова айыл аймагынын айыл

өкмөтү, Депутаттар ,жеке ишкерлер

Айыл аймагында 1 лабароториянын филиалы ачылып, продукциялар жеринде текшерилип, эт, сүт кайра иштетүү продукцияларга шарттар түзүлөт
Стратегиялык максат – 2.3 Ишкердикти колдоону маалымат алмашуу  аркылуу жүргүзүү
Ишкердикти ачууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү •    Жарандардын окуу, маалымат алуу талаптарын, кызыктарын чогултуу •    Чогулган кызыктардыктарга ылайык маалыматтарды даярдоо •    Маалымат алмашууну уюштуруу 2016-2017 План боюнча Аймакта жайгашкан коомдук бирикмелер, жеке ишкерлер, айыл өкмөтү. Жарандарга маалымат, тажрыйба алмашуу уюштурулуп жаңы жана иштеп келе жаткан ишкерлерге кеңейюсүүнө, жыңы ишкердик ачам дем күч берилет.
Стратегиялык максат -2.4 Салыктардын топтолушун камсыздоо.
Элдердин салык толосун маданиятин которуу аркылуу айыл окмот бюджетинин которуу •     Салыктарды өзгөрүп барышы боюнча малыматтарды дааядоо •    Элдерге маалыматтарды берип баруу, 2016-2017 План боюнча Айыл өкмөтү, депутаттар, салык кызматкерлери, айыл башчылар, активисттер Айыл өкмөт бюджетине которулар

 

Айдоо жерлерине сугат сууну жеткизүү боюнча

__км сугат

каналдарын капиталдык ремонттон өткөрүү

Ар бир канал боюнча

проектик-сметалык

документтерди

даярдоо,

Акча каражатын табуу,

Каналдарды

капиталдык ремонттон

өткөрүү

Ички арыктарды

ремонтоо

2016-2017 жыл Сметалык

документар

боюнча

Насостук станцияларды ремонттоо жана куруу Насостук

станцияларды

ремонттон өткөрүү

жана жаңыртуу боюнча

проектик-сметалык

документтерди

даярдоо,

Акча каражат булагын

табуу

Ремонттон өткөрүү

жаңыртуу

2016-2017-жыл С. Юсупова айыл

аймагынын айыл

өкмөтү, депутаттар,

АВП, коомдук

бирикмелер

2  насостук станция

жыңыланып , 200 га жер

сугат суу менен камсыз

болот.

Стратегиялык максат

– 3.2 Дыйканчыльгкты ѳнүктүрүү 2016-2017-жыл

Органикалык жер

семирктичтерди жана сапаттуу үрөндөрдү пайдаланууну киргизүү жана жайылтуу

Органикалык жер семирткичтерди жана үрөндөрдү колдонуу боюнча атайын көргөзмө аянтчалар уюштуруу

Көргөзмө аянчалардын жыйынтыгы менен жарандарга органикалык жер семирткичтер жана сапатту үрөндөр  тууралуу маалымат такчалар аркылуу жайылтуу

2016-2017-жыл План боюнча С.Юсупова айыл амагынын айыл окмоту Органикалык жер семирткичтерди  колдонуу менен  жердин  асылдуулугу жогорулайт
2.   Элге жерди айдоо эрежелери боюнча туура, так маалыматтарды өз учурунда берип туруу Айдоо эрежелер тууралуу маалымат такчалар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү 20 16-201 7 -жыл С Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү Айыл өкмөтүнүн алдындагы маалымат такталарга агротехникалык эрежелерди сактоо, жерлерди которуштуруп айдоо боюнча маалыматтар өз убагында жетип турат.
Стратегиялык максат- 3. 3 Дыйкан чарбалардын ишмердүулүгүн арттырууга көмөк көрсөтүү жана техника менен камсыздоо
Дыйкан чарбаларды интеграциялоо «  Дыйкан чарбалардын ишмердүүлүгүнө жараша “Кооперативдерди” түзүүгө үндөө 20 16-201 7 -жыл Дыйкан чарбалар Үлгү катары 5 кооператив уюштурулат, дыйкан чарбалардын кызыкчылыктарын арттыруу мүмүкүнүчүлүк алат
Айыл чарба техникаларын натыйжалуу пайдалануу * Дыкан чарбалардагы техникаларды бириктирүү менен техникалык сервистерди уюштуруу • Лизинг аркылуу жаңы техникаларды алууга аракет кылуу 20 16-201 7 -жыл Смета боюнча С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү, дыйкан чарбалар, депутаттар Айылдагы айыл чарба техникалары бар фермерлер менен сүйлөшүү жолу менен 2 техникалык сервис уюштурулуп айылдыктар сапаттуу кызматтарды алышат.
Стра тегиялык макса т 3.4 Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу шарттарын түзүү
Элдер арасында табигый кырсыктардын алдьга алууга даярдоо. «   Элдер арасында иклим өзгөруп барышын тушундүрүп баруу *>    Элдердин табигый кырсыктардын алдыны 20 16-201 7 -жыл Смета боюнча Айыл окмот, депутаттар, дыйкан чарбалар, айыл башчылар Элдер табигый кырсыктан сактанат
алуу учун саи, арыктардын тазалосун уюштуруу Аба -ырайынын өзгөруп барышына дыйканчылыкты адаптация кылуу: парниктер, теплицалар курууга кемектешүү
Стратегиялык максат-3,5

Мал чарбаны  ѳнүктүрүү жана жайыттардан натыйжалуу пайдалануу

Мал чарбасынын өнуктүрү Асыл заттуу малдар санын көбөйтүү максантында жасалма уруктандыруу борборун ачуу 2016-жыл С. Юсупова айыл

аймагынын айыл

өкмөтү инвестиция

__ тартуу аркь1лу_у

Сапаттуу мал чарба продукциясы иштетип чыгуу көпөйөт
Малдын санын так тактоо менен жайыттарга туура бөлүштүрү Жыл сайын Жайыт комитети Малды

идентификациялоо. Жайыттарды

сыйымдуулугуна жараша коддонуу.

Ар бир жайыттын аянтын эсептөө менен, чек араларын тактоо 2017-жылга чейин Жайыт комитети Аянттар такталат,

кошуна айьш аймактар

менен чыр чатактар

азаят

Жайыт комитетинин ишин жогорулатуу Алыскы жайыттардын жолдорун, көпүрөлөрүн __оңдоо Жыл сайын Жайыт комитети Жайыт жерлерге

баруучу жолдору

оңдолот.

Деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана алдын – ала иштерди жүргүзүү Жыл сайын Жайыт комитети Жайыттар туура

пайдаланылып абалы

жакшырат.

 

 

 

 

 

Стратегиялык максат -4.1

Таза суу менен  камсыздоо

Милдеттери Иш чара Мооноту Болжолдуу наркы Жооптуу Жыйынтык
Жарандарды толук таза суу менен камсыз кылуу жана жеткизүү Таза суу көгөйлөрүн аныктоо

Көйгөйлөр боюнча иш чара түзүү Кожолуктарга водомерлерди орнотуу Таза суу акы учун белгиленген тариф боюча акчаларды толугу менен толоого жетишуу

2016-2017-жыл Смета боюнча С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү Жалпы айыл

тургундары таза суу

менен камсыз болушат

 

Стратегиялык максат – 4.2 Ички жолдорду калыбына келитирүү
Милдеттер Иш-чара Мөөнөтү Болжолдуу наркы Жоопту Жыйынтык
С. Юсупова айыл аймагында Щ км ички жолдорду асфальтоо жана ремонтоо менен тротуарлар куруу менен элдерге сапаттуу тейлөө корсотуу •    Ички жолдордун абалына мониторинг жүргүзүү •    Мониторингдин жыйынтыгы менен ар бир көчөнүн абалына баа берүү «    Көчөлөрдүн абалына карата оңдоп түздөө боюнча график түзүү *    Акча каражат булагын аныктоо Жыл сайын Смета боюнча С. Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөтү Каражат бөлүнүп жолдор жыл сайын, муктаждыктарга карата кеминде бир жылда 2 км жол асфальт,5 км жол ремонт болуп турат. 5 жыл ичинде ар бир кочодо тротуар курулат
Стратегиялык максат 4. 3 Социалдык обектерди куруу
Элдердин жашоо шартын жакшыртуу учун айылдарда социалдык обѳектерди куруу «     Соода дүкөндөрү: магазин, эт, навай каналар куруу •    Чачтарач каналарын куруу *    Мончо куруу *    Аялдамалар куруу е    Интернет точкаларын ачуу •    Бычуу-тигүү ишканаларын куруу учун элдерге шарт тузуу 20 16-201 7 -жыл

 

План боюнча

5

С Юсупова айыл окмоту,айыл башчылар,активисттер депутаттар * Элдердерге тейлоо кызматы жакшыланат
Стратегиялык максат 4. 4 Энергетика обѳекттерин куруу
Элдердин электр энергия менен кмсыздоо «    Жаны чектерге электр линияларын тартуу *    Трансфарматорлор 20 16-201 7 -жыл План боюнча С Юсупова айыл өкмөту, айыл башчылар, активисттер Элдерди тейлөө кызматы жакшыланат

 

  1. МОНИТОРИНГ.

С. Юсупова айыл аймагынын стратегиялык өнугуү планын аткарылуусу, туура жүрүшү боюнча мониторинг жана сын сунуштарды, конструктивдик чечүү ыкмаларын берүү менен өнүгүү пландын аткарылуусун камсыз кылууга шарттар түзүлөт.

Мындай иш чараны айыл аймагынын айыл өкмөтү, жергиликтүү Кенештин депутаттары жана коомчулук жүргүзүшү керек. Акча каражатты табуу менен тышкы экспертерди тартуу, стратегиялык өнүгүү пландын баалоосуи так кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

———————– „ ————————————– 2′ Жылдын Жылдын Ар’ жылдын
жарым жарым жыйынтыгы жыйынтыгы январь-
жылдык жылдык февраль
айында
Айыл Айыл Жарандар- Айылдык Стратегиялык
Монито-

ринг

өкмөтүнүн өкмөтүнүн га  Айыл Кеңештин өнүгүү
Коллегия-

сында

өкмөтүнүн депутаттары планына
өтурумунда  каралат башчысы  жылдын кошумчаларды
 каралат жылдык Жыйынты-  киргизүү
отчетун гын  карайт
берет

Соңку сөз.

Урматтуу окурман, Сиз С. Юсупова айыл аймагынын 2016-2017 жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы менен таанышып чыктыңыз. Дагы ар жылдын башында планга кошумчаларды киргизуу мумкун.

Айыл аймактын келечектеги Элесине жетүү үчүн даярдалган бардык кыска, орто жана узак мөөнөттөгү долбоорлорду аткарууга болгон ресурстарды пайдаланып, мүмкүн болгон инвестицияларды тартабыз.

С. Юсупова айыл аймагынын 2016-2017-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу менен С. Юсупова айыл аймагынын жашоочуларынын жашоо шарты жакшырат деп ишенебиз.

 

 

 

 

 

 

 

 

С.Юсупова айыл ѳкмѳтүнүн

жооптуу катчысы:                                                                   Н.Кубатов.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.